Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши күндөн күнгө көбөйүүдө

Бүгүн, 17-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 389 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.

 

Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1397 метр куб, агып чыгышы 378 метр кубду түзүүдө.