Кыргызстанда дагы 4 жаңы ГЭС курулат

Кыргызстанда дагы 4 жаңы ГЭС курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Анын айтымында, кеп “Суусамыр — Көкөмерен”, “Сары-Жаз”, “Казарман” жана Жогорку Нарын каскады тууралуу болуп жатат.

 

Өлкө башчы белгилегендей, аталган долбоорлорду ишке ашыргандан кийин Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалын толугу менен колдоно алат.