Бишкек мэриясы ордо калааны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыкты

Бишкек мэриясы ордо калааны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыкты.

Тизмеде жогорку ылдамдыктагы автобустарды ишке киргизүү, Айтматов-Масалиев проспектисин жакшыртуу, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин көрктөндүрүү, ошондой эле көп кабаттуу автопарк куруу иштери бар.

Долбоорлор баш калаадагы бизнес чөйрөнү өнүктүрүү жана Бишкектин экономикасына инвестиция менен гранттарды тартуу максатында иштелип чыккан.