Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалууда

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалууда.

 

Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин жетекчиснин орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

 

Анын айтымында, 15-июлда долбоорду талкуулоо жыйынтыкталат.

 

Андан кийин бардык министрлик жана ведомстволор тарабынан макулдашуу процессине 1 ай талап кылынат. Эске салсак, жаңы тарифтик саясатына ылайык, керектөөчүлөр категорияларга бөлүнүп, ошого жараша баалар бекитилмек. Бирок министрлер кабинети бирдиктүү тариф сунуштады – бир киловатт-саатка 1 сом 9 тыйындан.