Маршруттук унааларда жол киренин баасына өзгөртүүлөрдү киргизүү  чечимин Бишкек шаардык кеңеш карайт

Маршруттук унааларда жол киренин баасына өзгөртүүлөрдү киргизүү  чечимин Бишкек шаардык кеңеш карайт.

Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов билдирет. Анын айтымында, бул маселе этабы менен,

укук талаасынын алкагында каралышы зарыл. Тагыраагы, долбоор экспертизадан өткөрүлүп,

профилдик комиссия акыркы чечим чыгарышы керек. Белгилеп кетсек, жүргүнчүлөрдү ташуучулар

өздөрүнүн сметалык эсептерин алып келип, аларды андан ары кароого шаардык унаа

башкармалыгына жеткириши шарт. Эске салсак, кечээ маршруттук унаалардын

айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин жогорулатууну талап кылышты.