Бишкек жана Чүй облусунда ундун максималдуу кымбат баасы жогорулады.
Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан
24 агенттигине билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкекте биринчи
сорттогу унду жеке сатып алууда баасы 1 сомго кымбаттап 31 сом 50 тыйынды түздү.
Ал эми Чүй облусунда ундун максималдуу баасы 32 сом деп белгиленди.
Ведомстводон эске салышкандай, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн
баасын негизсиз жогорулаткан жактарга мыйзам чегине чара көрүлөт.