Баткен облусунда чек ара жаңжалында каза тапкандардын  үй-бүлөлөрүнө кенемте берилди

Баткен облусунда чек ара жаңжалында каза тапкандардын  үй-бүлөлөрүнө кенемте берилди.

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиевдин айтымында, 27 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон тапшырылды.

 

Андан тышкары, 60 жабыркаган жаранга 50 миңден 100 миң сомго чейин берилди. Сумма алган жараатынан көз каранды. Жунушалиев белгилегендей, каражатты алуу үчүн жабыркагандар белгилүү бир процедуралардан өтүшү керек.