Кыргызстанда электрондук ачык маалымат порталы ишке кириши мүмкүн

Кыргызстанда электрондук ачык маалымат порталы ишке кириши мүмкүн.

Токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги сунуштады.

Ага ылайык, ар бир жаран электрондук арыз толтуруп, өзүнө керектүү маалыматтарды ала турган система түзүлөрү күтүлүүдө.

Ведомство мындай ресурсту түзүү менен мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алууга мүмкүн болорун белгилейт.

Документ талкууга чыкты.