Ак үйдүн имаратын курчап турган темир тосмолор 3 күндө алынат.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, тосмолор алынганы менен анын пайдубалы калат.
Ошондой эле түштүк-чыгыш тараптагы тосмолор алынбайт. Белгилеп кетсек, бүгүн 20 жылдан бери
Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмолор алына баштады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы да аны алып салууну сунуштаган.