Кыргызстанда эми мамлекеттик ипотеканы бардык жарандар ала алат.
Турак жай боюнча “Менин үйүм 2021-26» программасы күчүнө кирди.
Тагыраагы, эми турак жайлар 4 пайыздык чен менен 25 жылга берилет, — дешти
“Азаттыкка” Мамлекеттик ипотекалык компаниядан. Андан тышкары, баштапкы
төлөм талап кылынбайт. Кошумчаласак, Кыргызстанда мамлекеттик ипотека
системасы 6 жыл мурда иштеп баштады. Андан бери 5 миң адам
турак жайга ээ болсо, дагы 10 миңи кезекте турат.