Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары азайды

Чет өлкөдөгү мигранттар 2020-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 699,32 млн. доллар акча которушту.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

Былтыр беш айда өлкөгө 934,77 млн. доллар жөнөтүлгөн жана быйылкы көрсөткүч андан 235 млн. долларга аз болду.

2020-жылдын июнь-июль айларындагы сандар эсептелип бүтө элек.

Быйыл беш айдын жыйынтыгында 163 млн. доллар сыртка чыгарылып кетти.

Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилинде бул сумма 209 млн. долларды түзгөн.

2019-жылы Кыргызстанга жалпы 2 млрд. 406 млн. доллар которулуп келсе, 554 млн. доллар сыртка чыгарылып кеткен.