Жогорку кеңеш комитети 33 миллион еврого газ менен жүрө турган автобустарды сатып алуу үчүн насыя алуу келишимин жактырды

Жогорку кеңеш комитети 33 миллион еврого газ менен жүрө турган автобустарды

сатып алуу үчүн насыя алуу келишимин жактырды. Аталган суммага Европада жасалган

250дөн ашык автобус алуу пландалууда. Эми Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан

өткөрүүнү сентябрда карайт. Карызды Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү

банкы 12 жылдык мөөнөт менен берет. Сумманын 9 миллион 700 миң евросу гранттык

жардам катары ыйгарылса, калган бөлүгү насыя катары алынат.