Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.

 

Ал белгилегендей, кыргызстандыктар газ, дизель жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди көп колдонот.

 

«Ушуга байланыштуу өкмөт субсидия кылып, баа кармалууда. Баа дагы көтөрүлсө субсидия кылыш үчүн бюджеттен миллиарддаган каражат кетет. Ошондуктан баа баары бир өсөт”, — деди Адылбек Касымалиев.

 

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.

 

Учурда Кыргызстан Беларус, Кытай, Түркия жана Европа өлкөлөрүнөн кара май ташып келүүдө.