Кыргызстандыктарга электроэнергияны үнөмдөө сунушталат

Кыргызстандыктарга электроэнергияны үнөмдөө сунушталат.

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык,

учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү мурдагы жылдарга

салыштырмалуу азыраак. Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуары 13 миллиард 240 миллион

кубометрди түзөт. Былтыр эле 14,5 миллиард кубдан көбүрөөк болчу. Суунун чыгашасы

республиканын ички муктаждыгынан көз каранды болсо, кирүүсү жаан-чачындын көлөмүнө

байланыштуу болот. Энергетиктер белгилешкендей, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүк жаралбайт.

Бирок жарандар суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланышы зарыл.