Кыргызстан бензиндин арзандыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турат

Кыргызстан бензиндин арзандыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турат.

globalpetrolprices порталы жарыялагандай, биздин өлкөдө бензиндин бир литринин

орточо баасы 62 сом. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү арасында  Өзбекстанда 67 сом болсо,

Беларусияда 70 сомго барабар. Ал эми дүйнөлүк рейтингде Казакстан 9-орунда

39 сом менен турат. Арзан күйүүчү май боюнча сап башын Венесуэла, Иран жана

Сирия ээлейт. Аталган өлкөлөрдө литри 20 сомго жетпейт. Тескерисинче,

эң кымбат бензин Борбордук Африка, Нидерланддар жана Гонконгдо – 200 сомдон жогору.