Жалал-Абаддын Чаткал районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин 74 турак-жайды суу каптады

Жалал-Абаддын Чаткал районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин 74 турак-жайды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркаган үйлөр Жаңы-Базар, Курулуш жана Кара-Ой айылдарында катталды.

 

Ал эми бир үй толугу менен жараксыз абалга келди. Дагы 11 турак-жай суу каптоо коркунучу алдында турат. Жерине куткаруучулар жана Жарандык коргонуу кызматы тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.