Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, тергөөчү жана милиция кызматкери кошуналар ортосунда мушташ чыгуу фактысы боюнча соттук териштирүүнү токтотуу үчүн акча талап кылышкан.

 

Алар 35 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кызматкерлер камакка алынды.