Кыргызстанда калкты каттоону өткөрүүгө коронавирус боюнча 2 суроо киргизилди

Кыргызстанда калкты каттоону өткөрүүгө коронавирус боюнча 2 суроо киргизилди.

Улуттук статистка комитетинен билдиришкендей, сурамжылоонун катышуучуларына

COVID-19 менен ооругансызбы? Жана Стационарга кайрылгансызбы? Деген суроолор берилет.

Ошондой эле калктын миграциясы, жашап жаткан турак жайда жылуулук бар же жоктугу,

респонденттин чет өлкөдө 1 жылдан ашык жүргөн жакындары барбы же жокпу деген

суроолор да камтылат. Белгилеп кетсек, калкты каттоо кийинки жылы жазында өтөт.