Ордо калаада көчөлөрдү ондоо жазында башталат

Ордо калаада көчөлөрдү ондоо жазында башталат. “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 60 көчө кайра калыбына келтирилет. Алардын көбү кеңейтилип же толугу менен жаңыдан курулуп чыгат, бардыгында тротуарлар жана ирригациялык тармак салынат.

 

Андан тышкары, мэрия дарыя жана каналдарга көпүрө салуу ниетинде. Экинчи фазаны ишке ашыруу  2 жылга созулуп, ал кытайлык гранттын эсебинен  каржыланат.