Бишкекте коронавируска байланыштуу чаралар күчөтүлүп баштады

Бишкекте коронавируска байланыштуу чаралар күчөтүлүп баштады.

 

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун айтымында, COVID-19 боюнча кырдаалды турукташтыруу максатында мобилдик бригадалардын саны сегизден 13кө көбөйтүлүп, чалуу борбору тынымсыз иштөөгө өттү. Коомдук жайларда, транспортто санитардык эрежелер сакталбай, жарандар бет кап кийбей калышты.

 

Бул арада инфекциялык ооруканаларга киши толуп, кошумча стационарларды ачуу пландалууда, — деди Новиков. Буга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине “кызыл аймакта” иштеген дарыгерлерге ысык тамак уюштуруу тапшырмасы дагы берилди.