Пандемия маалында коронавируска каршы вакцинаны алты ай сайын алуу керек

Пандемия маалында коронавируска каршы вакцинаны алты ай сайын алуу керек.

 

Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун профессору Александр Горелов билдиргендей, антителонун деңгээлине карабай, жарым жыл сайын эмделип туруу сунушталат.

 

Былтыр августта Россия дүйнөдө биринчи жолу коронавирустан коргогон “Спутник V” вакцинасын чыгарган. Андан кийин “ЭпиВакКорона” жана “КовиВак” препараттары чыгарылса, жакында эле “Спутник Лайт” вакцинасы каттоого алынды.