Кыргызстанда каржылык сабаттуулук боюнча 900 адам окутулду

Кыргызстанда каржылык сабаттуулук боюнча 900 адам окутулду.

Улуттук банк менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ортосундагы кызматташуунун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча 42 күндүк семинарлар өткөрүлдү.

Кыргызстандыктар каржылык максаттар жана финансылык план, үй-бүлөлүк бюджет, насыялар жана депозиттер, каржылык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу темалар боюнча финансылык билимдерин кеңейтишти.