Кыргызстанда ID-картаны акысыз берүү кампаниясы уланууда.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
учурда калкты каттоо департаменти Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринен
түшкөн тизмелерди кайрадан иштеп чыгууда. Эске салсак, 6 категориядагы жарандарга 2017-жылкы
үлгүдөгү идентификациялык паспорттор акысыз берилет. Улуттук кампания 31-августка чейин уланат.