Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоонун экинчи этабы башталат.
Анда 114 калктуу конуштун тургандары текшерилет, — деди премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиев. Учурда өлкө боюнча медицина кызматкеринен
турган 306 көчмө бригада иштеп жатат. Текшерүүнүн биринчи этабы Бишкек,
Ош шаарлары жана Ат-Башы районунда жүрүп, 35 адамдан COVID-19 аныкталды.
Кошумчаласак, өлкөдө 746 адам илдетке кабылды, 462си айыгып, 8 бейтап каза тапты.