Кытайдан келген гуманитардык жардам өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлдү.
Анда бир ирет колдонуучу костюмдар топтому, медициналык көз айнек,
мээлей, бет кап жана бахила бар. Медициналык каражаттар Ош,
Жалал-Абад, Ноокат, Сузак жана Ала-Буканын дарыгерлерине таратылды.
Мындан тышкары 300гө жакын инфракызыл термометр
дагы түштүк жергесине жиберилди.