Коронавирустун очогу болгон аймакка медицина кызматкерлеринин тобу жөнөп кетти.
Көчмө бригада 11 адистен түзүлүп, 1 айга жөнөтүлдү. Биримдик дарыгерлердин
өз каалоосу менен түзүлдү, алар тамак-аш менен камсыздалды.
Аталган дарыгерлер учурда Аксы жана Ала-Бука райондорунда,
ал эми 3 лаборант Жалал-Абад шаарында иштеп жатат.
Эске салсак, 1 жума мурда Жалал-Абад шаарына
2 көчмө лаборатория жеткирилген.