Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру жок

Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру жок. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, чек аралардагы бардык өткөрүү түйүндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик органдар өлкөдөгү абалды көзөмөлдөп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен байланышта болуп жатат.

 

Вирус көп катталган мамлекеттерден келгендер эки жумалык карантинге алынууда. Учурда обсервацияларда 292 адам жатат. Бийлик жалпысынан өлкөдө абал туруктуу экенин белгилеп, чындыкка дал келбеген маалыматты таркатпоого чакырат.