Алдыда 4 күн бою Бишкекте кыштагыдай аба-ырайы күтүлөт

Алдыда 4 күн бою Бишкекте кыштагыдай аба-ырайы күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматында, бүгүн жана эртең шаарда

асманды ала булут каптап турат. Күндүз абанын табы

12 градуска чейин жогорулайт. Ал эми эртең кечинде

нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө. Анын ыргагы өзгөрмө

болуп түнү бою жана эртең менен да жаайт. Жума күнү

түштөн кийин кар жаайт, термометр мамычалары +2ден

жогорулабайт. Ишембиде түнкүсүн -10го чейин төмөндөсө,

күндүз 2 градус суук болот.  Жаан-чачын 8-мартта токтойт,

бирок суук кайтпай кармалып турмакчы.