Кыргызстанда азык-түлүк баалары кескин түрдө кымбаттабайт.
Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин
директору Шухрат Сабиров билдирди. Анын айтымында, азык-түлүктүн
11 түрүнө бирдиктүү баа киргизилген. Баалар жогоруласа да анчалык
көп кымбаттабайт, бул үчүн күн сайын сатуу түйүндөрүнө мониторинг
жүргүзүлүп жатат. Ал эми арым товардын кымбатташы доллардын
наркы жогорулаганына байланыштуу, — деди Сабиров. Кошумчаласак,
азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн жеке жактар 10 миң сом,
юридикалык жактар 28 миң сом айып төлөөгө мажбур болушат.