Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы ооруканалар дээрлик 69 миллион сомго жабдуулар менен камсыздалат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медицина жайларында керебеттер, рентген-аппараттар, стационардык жана УЗИ аппараттар орнотулат.
Аларды жеткирүү боюнча 9 компания менен келишим түзүлдү. Эске салсам, учурда өлкөдө 3 оорукана курулуп жатат. Андан тышкары, 8 имарат медицина жайы алдына өзгөртүүлүүдө.