Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер этиканы жана эл алдында сүйлөөнү үйрөнүшүүдө.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тренингдерге министрлердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары – жалпысынан 74 мамлекеттик кызматкер катышууда.
Алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү зарылдыгы тууралуу сунушту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров киргизген.