Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Түркияда жолугат

Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Түркияда жолугат.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз кызматындагылар министрлердин алдыдагы эки тараптуу жолугушуусу Москва менен Киевдин сүйлөшүү процесси үчүн абдан маанилүү экенин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эртең, 10-мартта Анталияда Түркия, Украина жана Россиянын башкы дипломаттарынын үч тараптуу жолугушуусу болорун айткан.

Украинада согуш уланууда.