Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек.

Novosti.kgге Чек ара кызматынан такташкандай, түшкү саат 3кө карата 270ке жакын машине кезекте турат.

Маалыматка ылайык, тыгындын себеби казак тараптын чек арачылары унааларды улам токтотуп коюп жатканы менен байланыштуу.

Мисалы, 18-апрелге караган түнү төрт саат бою машиналар өткөрүлгөн жок.

Мындай көрүнүш улам кайталанууда, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчаласак, унаалардын узун кезеги «Ак-Тилектин» жанында соңку бир жумадан бери байкалууда.