Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Программалардын жалпы суммасы 100 миллиард сомду түзөт, — деп билдирди Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжарбек Болотов.
Анын айтымында, долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жаткан бир нече багыт бар.
Алсак, энергетика жана саламаттыкты сактоо тармактары. Борбордон белгилешкендей, программалар 2026-жылга чейин ишке ашырылат.