Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча ачылды.
Бул тууралуу Турмуш агенттиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Көк-Арт айылында жайгашып, 60 орунга чакталат.
Долбоордун сметалык баасы 15 миллион сомду түзөт.