Кыргызстанда эң эле арзан турак-жайлар Нарын облусунда жана Ошто

Кыргызстанда эң эле арзан турак-жайлар Нарын облусунда жана Ошто. Бул аймактарда чарчы метрдин баасы 10 миң жана 10 миң 300 сомду түзөт. “Акчабар” агенттигинин маалыматына ылайык, эң кымбат үйлөр, албетте – Бишкекте.

 

Ордо калаада бир чарчы метр үчүн болжол менен 31 миң 700 сом төлөш керек. Турак-жайларды куруу боюнча активдүү иштер Ош облусунда жүрүп жатат. Ал эми өткөн жылы бул жаатта лидерлик позиция Баткен аймагында болчу.