Кыргызстанда мектеп окуучулары бир жумага каникулга тарайт.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жазгы каникул быйыл 20-марттан 26-мартка чейин болот.
Мындай чечим 18-21-март күндөрү өкмөттүн токтому менен дем алыш деп жарыяланганына байланыштуу кабыл алынды.
Быйыл январдын ортосунда өлкөдө аба кескин сууктагандыктан кышкы каникул үч күнгө узартылган.
Кийин ошонун эсебинен жазгы каникул 22-26-март күндөрү болору кабарланган.
Негизи, окуу планына ылайык, жазгы каникул 12 күн болушу шарт.