Бишкектин Кут конушунда 100 үй-бүлөгө чакталган социалдык шаарча курулат

Бишкектин Кут конушунда 100 үй-бүлөгө чакталган социалдык шаарча курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаарчада 25 турак жай, 700 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана дарыгерлик-амбулатордук пункт болот.

Буга чейин курулуш үчүн жер тилкеси аныкталган, учурда мамлекеттик акт таризделүүдө, андан кийин коомдук фонд тарабынан долбоор иштелип чыгып, тиешелүү шаардык кызматтарга макулдашууга жөнөтүлөт.

2005-жылы негизделген Кут конушунда 1 миң 500дөй адам жашайт.

Ал Бишкектен 20 чакырым аралыкта жайгашкан.