Бишкек–Кашкар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады

Бишкек–Кашкар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» ишканасынан билдиришти.

Кытайдын Синьцзян-уйгур автономиялуу районунун Кашкар аймагына каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Автобустар түшкү саат 4тө Бишкектеги Батыш автобекетинен жолго чыгат.

Билеттин баасы 85 доллар же 7 миң 500 сомдой.