Кыргызстанда мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы башталды

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы башталды.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ага облустук этапта алдыңкы орундарды ээлеген 324 окуучу катышууда.

Олимпиада кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география жана тарых сабактары боюнча өтөт.

Белгилеп кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу акыркы эки жылда сынактын төртүнчү — республикалык этабы өткөрүлгөн эмес.