Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып салынды

Кыргызстанда айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып салынды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындан тышкары Кыргызстанга алынып келинген жана импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгынын ставкасы жокко чыгарылды.

Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды,  — деп айтылат маалыматта.

Кошумчаласак, буга чейин кумшекер жана өсүмдүк майын өлкөгө киргизүү кошумча нарк салыгынан бошотулган.