Жалал-Абад шаарында окуучулар кесипке багыт берүүчү предметтерди окуп жатышат

Жалал-Абад шаарында окуучулар кесипке багыт берүүчү предметтерди окуп жатышат.

Мэриядан билдиришкендей, калаадагы №1 жана №9 мектептердин жогорку

класстарынын окуучуларына ушул окуу жылынан тарта аталган сабак киргизген.

Ага мектептерде бекитилген атайын мугалимдер шаардын социалдык өнүктүрүү

башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте сабак өтүшүүдө.

Мында ар бир баланын кызыгуусу жана кесипке болгон жөндөмүн аныктоо аракеттери көрүлөт.