Кыргызстанда мектептерди аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша ачуу сунушталды. Билим берүү министри Каныбек Исаков белгилегендей, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын уруксааты менен мектептерди ачуу пландалып жатат.
Окуу жайлар санэпидем көзөмөлдүн тыкыр көзөмөлүндө болушу керек. Андан тышкары, окуучулар арасында социалдык аралык жана башка санитардык коопсуздук эрежелер сакталышы кажет, — деди министр.
Эске салсак, 1-сентябрдан тарта 1-класстын окуучулары мектепке келип билим алып жаткан. 6-октябрда парталарга 2-6-класстардын окуучулары кайтып келмек. Бирок өлкөдөгү башалмандыкардан улам, билим берүү кайра онлайн форматка өткөрүлдү.