Forbes басылмасы КМШ мамлекеттериндеги Tiktok аркылуу эң көп киреше тапкан колдонуучуларды атады. Биринчи орунду 22 жаштагы өзбекстандык Рахим Абрамов ээледи.
Тиктокердин кирешеси 10 миллион 470 миң рубль. 2-орунда 21 жаштагы тажикстандык Дина Саева, анын Тиктоктон тапкан кирешеси 4 миллион 93 миң рублду түзөт.
Ал эми 3-орунга 23 жашагы беларуссиялык Алексей Савко 4 миллион 81 миң рубль кирешеси менен илинди.