Бишкектин дүкөндөрүндө өзгөчө абал режими аяктаганга чейин алкоголдук продукция сатылбайт

 

Бишкектин дүкөндөрүндө өзгөчө абал режими аяктаганга чейин алкоголдук продукция сатылбайт. Чектөө кечки саат 6дан, таңкы 5ке чейин күчүндө болот, — деди ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев.

 

Анын айтымында, мындай чечим башаламандыктар көп болуп, шаар тургундарынын көптөгөн арыздарынан улам кабыл алынды.