Кыргызстанда мугалимдердин, медицина, илим жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 50 пайызга жогорулатуу 2022-жылдын апрель айына туура келет. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегерегинде. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо көрсөткүчкө дагы жетпейт. 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык 14 миң 764 сомду түзгөн.