Таластан табылган илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды

Таластан табылган илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды.

Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ага каалоочулардын бардыгы каражат которо алат.

Ал эми агенттик жаныбардын абалы тууралуу, юридикалык жана жеке жактардан

түшкөн каражат боюнча маалымат берип турат. Учурда аталган агенттик

укук коргоочулар менен бирге илбирсти аткан мыйзам бузуучуну издеп жатат.

Жарадар жырткыч Бишкекке алып келинип, операция жасалды.

Бир жарым саатка созулган операция учурунда анын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган.