Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жөнөтүлдү

Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык,

“Манас” эл аралык аэропортунда Стамбулдан келген чартердик каттамды тосуп алышты.

Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирген жок.

Жарандар перрондо тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Эске салсак,

буга чейин Бишкекке 211 кыргызстандык учуп келери кабарланган болчу.