Кафелердеги электр жабдууларына пломбалар коюлуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кафелердеги электр жабдууларына пломбалар коюлуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Бул тууралуу “Түндүкэлектр” компаниясынан билдиришти. Үстүбүздөгү жылдын май айынан бери энергетиктер керектөөчүлөрдү кыдырып, техникалык талаптардын сакталышын текшерип жатат.

 

Эгер текшерүүдө электр энергия жабдуулары имараттарды жылытууга колдонулуп жатканы аныкталса жана буга укук берилбесе, анда жабдууларга пломба коюлууда. Компания тарабынан суу жана тамак бышыруучу жабдуулар өчүрүлгөн жок, — деп белгилешти мекемеден.