Кыргызстанда насыяны эң көп кайсы аймак алган?

2020-жылдын I кварталында Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы депозиттин көлөмү 165 миллиард сомду түздү.

Насыянын көлөмү 153 миллиард сомго жетти. Бул маалымат Улуттук банктын отчетунда айтылат.

Депозит жана насыяларды облустарга бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүч же 79 пайызы Бишкекке туура келет.

Бишкек шаарындагы депозиттик көрсөткүч 130,5 миллиард сом болдү. Ал эми насыя

1,5 эсеге аз же 86,2 миллиард сомду, жалпы сумманын 56 пайызын түзөт.